Улуттук банк коммерциялык банктар менен карыз алуучулардын ипотекалык насыяларын трансформациялоо долбоорун талкуулады (фото)

Улуттук банк коммерциялык банктар менен карыз алуучулардын ипотекалык насыяларын трансформациялоо программасын талкуулады.

Мекемеден 2-февралда билдиришкендей, жолугушууга Улуттук банктын расмий өкүлү Раушан Сейткасымова жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү келип катышышты.

Иш-чаранын катышуучуларына Раушан Сейткасымова өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасына ылайык, өкмөт менен Улуттук банк чет өлкө валютасында берилген насыяларды трансформациялоо боюнча программаны ишке ашыра баштагандыгы тууралуу маалымдады.

Р.Сейткасымованын айтымында, баштапкы даярдык иштери аяктады, эми карыз алуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана насыяларды конвертациялоо ишин баштоо керек. Аталган программа 2015-жылдын 1‑июлуна чейин 40 миллион долларга чейинки суммада турак жайды кредитке сатып алган Кыргыз Республикасынын жарандарын камтыйт. Тагыраак айтканда, биздин өлкөнүн ар бир жараны ишмердүүлүгүнүн тармактык өзгөчөлүгүнө карабастан, 2015‑жылдын 1-июлуна чейин биздин өлкөдөгү кайсы гана коммерциялык банктан болбосун чет өлкө валютасында турак жай үчүн насыя алган болсо, бул программага катышууга укугу бар.

Мындай кредиттин түрүн сомго трансформациялоо ишин жүзөгө ашырууга мамлекет тарабынан бир айлык мөөнөт берилди. "Премьер-министрдин буйругу жарыяланган күндөн тартып, уюштуруучулар 10 күн аралыгында карыз алуучуларды кулактандырып чыгуусу талап кылынат. Программага кирген категориядагы ар бир жаран кредитти конвертациялоо мүмкүндүгү бар экендиги тууралуу билиши абдан маанилүү. Түшүндүрүү иштери долбоордун бардык жыйынтыктарына таасир этүүчү актуалдуу тапшырма болуп эсептелет. Коммерциялык банктардын кардарлары өздөрүнүн бардык суроолоруна жеткиликтүү жоопторду ала алуусу тийиш. Бардык маалымдалган карыз алуучулардын катталуудан өтүүсү милдеттүү болуп саналат. Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан күрөө тууралуу келишимди кайрадан түзүүгө колдоо көрсөтүлөт.

Бул жерде белгилей кетүүчү нерсе, бул программа бир гана бюджеттик мекемелерде иштегендерге гана тийиштүү эмес. Аны менен ишмердүүлүгүнүн түрүнө карабай турак жай сатып алуу үчүн 2015-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилде биздин өлкөнүн аймагындагы бардык коммерциялык банктардан чет өлкө валютасында кредит алган ар бир карыз алуучу колдонсо болот",- деп билдирди Раушан Сейткасымова.

Сейткасымованын билдиришинче, турак жай алуу үчүн банктардан долларды карызга алган 100 пайыз карыздарга мамлекет колдоо көрсөтө албайт. "Турак жайлар ар түрдүү болот. Кымбат баадагы үйлөрдү ипотекага сатып алууга бир гана ортодон жогору кирешеси бар адамдардын мүмкүнчүлүгү бар, ошондуктан алар бул долбоорго туура келбейт. Бирок андан аз киреше тапкан карыз алуучулар төлөө мүмкүнчүлүгү татаалдашкандыктан, банктар алдында карызын төлөөдө кыйынчылыктарга учурап жатышат. Мамлекет алардын жагдайын түшүнүп, ушундай колдоо көрсөтүп жатат. Карыз алуучуларга бир гана мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлбөстөн, коммерциялык банктарда мындай жагдайда маанилүү ролду ойнойт. Бүгүнкү күндө банктар да социалдык жактан багытталган иштерди жүргүзүшү керек",- деп белгиледи Раушан Сейткасымова.

Коммерциялык банктардын өкүлдөрү бул иш-чара өз учурунда жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, Улуттук банк жана өкмөт менен кызматташууга макулдугун билдиришти.

Эскерте кетсек, өкмөттүн 2016-жылдын 1-февралында бекитилген № 33-р токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын доллар менен алынган кредиттери улуттук валютага төмөнкү шарттарда конвертацияланат:

- карыз алуучу - жеке жак Кыргыз Республикасынын жараны болуусу керек;

- кредит Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан турак жайды сатып алуу максатында берилген;

- кредит берилген мөөнөт (коммерциялык банк менен карыз алуучу ортосунда кредиттик келишимге кол коюлган күн) – 2015 жылдын 1‑июлуна чейин;

- кредиттин негизги суммасы берилген күнүнө (коммерциялык банк менен карыз алуучу ортосунда кредиттик келишимге кол коюлган күн) 40 (кырк) миң доллардан ашык болбоосу керек;

- берилген кредит боюнча соттук териштирүүлөрдүн болбоосу;

- ар бир жеке жактын 1 (бир) гана кредити конвертациялоого дуушар болушу мүмкүн;

Жогоруда айтылган чет өлкөлүк кредиттин негизги суммасы боюнча карыз улуттук валютага (сомго) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2015‑жылдын 1‑июлуна карата 1 АКШ долларына 62,1422 сом деп катталган расмий курсу боюнча конвертацияланат.

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына төмөнкүлөр сунушталат:

1) бул буйруктун 1‑пунктуна ылайык, карыз алуучудан конвертациялоого арыз түшкөн күндөн баштап кредиттер боюнча айып пулдарды эсептөөнү токтотуу;

2) бул буйрукка кол коюлган күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде аталган буйруктун 1‑пунктунун талаптарына жооп берген карыз алуучуларды бул буйрукка кол коюлган күндөн баштап 20 (жыйырма) календардык күндүн ичинде тийиштүү банкка конвертациялоо боюнча арызы менен кайрылууга укугу бар экендиги тууралуу маалымдоо;

3) бул буйрукка кол коюлган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде карыз алуучунун кредити 2015‑жылдын 1‑июлуна карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча улуттук валютага конвертацияланышы керек;

4) кредитти конвертациялоодо пайыздык чен 2016‑жылдын 1‑январына карата 19,76 пайыз деңгээлинде бекитилип, коммерциялык банктар тарабынан улуттук валютада берилген ипотекалык кредиттердин учурдагы орточо пайыздык ченинен жогору болбоосу шарт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aikokul14
2016-02-02 17:32:08
40 мин доллар эмеспи?
-1
AiBoru
2016-02-03 16:03:59
Жакшы жышаан. Бираз да болсо жардам болмок. Мурда 32450сом толой турган кезде алган болчубуз, азыркы курс менен 41690сом толоп жатабыз. Ай сайын 10000дей акча ашыкча толоп жатканбыз
Ушуну эртерээк ишке ашыруусун чыдамсыздык менен кутобуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан