Башкы прокуратура жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы менен таанышкан премьер-министр Темир Сариев Кочкор районунун акими Нурбек Жусупбековду ээлеген кызматынан бошотуу буйругуна кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын тиешелүү кызматкерлери Кочкор районунун акими мурда эки жолу сот жоопкерчилигине тартылганын аныкташкан. КРнын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамынын 14-беренесиндеги 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй, кыргыз өлкөсүнүн сот жоопкерчилигине тартылган жараны соттолгондугу алынганына карабастан, аким болуп иштөөгө укугу жок. Ушул себептерге байланыштуу аталган аймактын акими ээлеген кызматынан бошотулду.
Айта кетсек, буга чейин Кочкор районунун акими биздин порталга ээлеген кызматында мыйзамдуу иштээрин айтып, аны каралоо аракеттери жөн гана саясий оюн экенин билдирген. Ал өз сөзүндө 2003-2006-жылдары жоопко тартылып жана ага жараша учурунда айып пул төлөгөнүн айткан эле.