Орусиянын Санкт-Петербург шаарына мындан 2 жыл мурун кыргыз жеринен көчүп барган аял бүгүн, 2-февралда 3 айлык кызы менен 7-кабаттан секирип каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя саат 03:00 чамасында О.Дундич көчөсүндөгү №10-үйдүн жанында болгон. Үйдүн жанынан өтүп бараткан адам жерде жаткан аял менен наристени көрүп, "Тез жардам" кызматын чакырган.
1980-жылы туулган Ирина Романова окуя болгон жерден көз жумган. Ал эми 3 айлык ымыркайы тез арада ооруканага жеткирилген, учурда анын абалы оор экендиги айтылды. Азыркы тапта тергөөчүлөр каза тапкан аялдын кошуналарын жана туугандарын суракка алып жатышат. Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум төрөттөн кийин депрессияда жүрүп батиринин терезесинен секирген.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.