Бүгүн Баткенде 3 баллга жеткен жер силкинүү болду

Бүгүн, 2-февралда күндүз өлкөнүн түштүк аймагында дагы жер силкинди. Сейсмология институтунан билдиришкендей, саат 14:54тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Берик-Суу айылынан 13 чакырым түштүк-чыгышты карай, Кара-Суу айылынан 27 чакырым түштүк-чыгышты карай, Баткен шаарынан 55 чакырым түштүк-батышты карай, Сүлүктү шаарынан 65 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.

Жер титирөө Берик-Суу айылында 3 балл, Катран, Өзгөрүш жана Үч-Дөбө айылдарында 2,5 баллга сезилген.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
poping.dance
2016-02-02 23:24:38
кудай сактасын!
+2
Shat.88
2016-02-02 23:57:04
Азыр жер титироо болгондой болду Бишкекте бмлбейм эртен угуп калабызбы жокпу
+1
nur_zhoni
2016-02-03 01:25:36
Эмнеле жер титироо коп каталып жатат
+1
Ayida
2016-02-03 08:00:19
nur_zhoni,Себеби Аллах аддамдарга эскертуу берип атат.Заманыбыз жакшы,адамдын пейили бузулду.Зынакорлор сойкулар алкаштар козу ачыктар кобойду.Биз ыйманга келбесек Кудай сактасын! Мисалы;Сирияда согуш неге токтобой атат?Алар намаз окушат динди жакшы билишет. Себеби алардын дубасы кабыл болбой атат Аллах сактасын биз кошулуп дуа кылсак токтоп калар согуш.Алар оздору намаз окуп оздоруно эле дуа кылчуу дешти.Элге даават кылып элге дуа кылыш керек экен.Башкаларга динден тушунук бериш керек экен.
0
Usow
2016-02-03 08:02:11
Аллах Таалам ар канай кырсыктардан озу сактасын акыркы убактарда жер силкинуу коп болуп жатат
0
Sumaya.15
2016-02-03 08:57:30
Аллах сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан