Борбор калаадагы Куруучулар шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кампасы күйүп, 12 адам куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Куруучулар шаарчасындагы №7-үйдүн 2-подъездинде 20 чарчы метр кампага берилген бөлмөнүн ичиндеги үй оокаттары, жыгачтар күйүп кеткен. Окуя болгон жерге келген өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 3-4-5-кабаттан 4 кичинекей бала жана 8 чоң киши куткарылган. Учурда кампанын ээси жана өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.