Арменияда мыйзамсыз чек арадан өтүүгө аракеттенген кыргыз жараны 4 айга эркинен ажыратылды

Армения менен Түркиянын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген 19 жаштагы кыргыз жараны кармалып, 4 айга камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Арабжон Байталиев 2015-жылы 1-сентябрь күнү Түркиянын аймагынан чыгарылган. Ал кайра Түркияга кайтуу максатында 23-сентябрь күнү Арменияга келген. "Армавир" чек ара тозотунан ал чек араны басып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен чек арачылар тарабынан кармалган. Тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилип, ал 4 айга камакка алынган. 3 ай 20 күн камакта отурган А.Байталиев 10 күн аралыгында эркиндикке чыгарылмакчы. Анын жактоочусу билдиргендей, уулун тосуп алууга Арменияга анын апасы учуп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан