Аламүдүн районунда уурулукка шектелип эки өспүрүм кармалды

Аламүдүн районунда уурулукка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 33 жаштагы жаран кайрылган. Анда белгисиз адамдар анын үйүнүн эшигин талкалап кирип, баалуу буюмдарын алып кетишкенин айткан. Учурда келтирилген чыгымдар эсептелинүүдө. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 17 жаштагы Ж.Д. жана Т.Д. кармалган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан