Орусиянын Краснодар шаарында баңгизатты мыйзамсыз таратууга шектелип 22 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу 2-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, укук коргоочулар качып кетүүгө аракеттенген жаш жигитти байкап калышкан. Анын өздүк буюмдарын текшерүүдө баңгизатка окшош зат салынган 8 пакет табылган. Шектүү жаңы жумушка орношкону барган учурда 50гө жакын ушундай пакеттеги затты алып алганын жана аларды таратып салганын айткан.
Кармалган жарандын батиринде текшерүү иштери жүрүп, ал жактан да маңзатка окшошкон ак түстөгү белгисиз зат табылып, текшерүүгө жөнөтүлдү.