Борбор калаада бир катар алдамчылыктын бети ачылды. Бул тууралуу 3-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, М.Айдарбек аттуу шаар тургуну Биринчи Май РИИБине кайрылган. Ал Урмат жана Гүлшайыр аттуу адамдар анын ишеничине кирип, алдоо жолу менен 7500 АКШ долларын алып кетишкенин айткан. Бул арыздын негизинде издөө иштеринин натыйжасында 52 жаштагы Ж.Урматбек жана 33 жаштагы К.Гүлшайыр алдамчылыкка шектүү катары кармалган.
Бишкек шаарынын тургуну А.Советбек да арыз менен кайрылган. Арызда "паспортту каттоодон өткөрүп берем" деп ишеничине кирип 6700 сом акча каражатын алдамчылык жолу менен алып кеткен адам тууралуу айтылган. Бул боюнча Свердлов РИИБинин тескөөчүлөрү Мамыр аттуу 44 жаштагы жаранды алдамчылык фактысына шектүү катары кармашкан. Азыркы учурда шектүү шаардык милиция бөлүмүндө кармалууда.