Оозун тигип, ачкачылык жарыялаган жарандын соту 22-февралга жылдырылды

Соттун өкүмүнө макул болбой оозун тигип, ачкачылык жарыялаган жарандын иши боюнча экинчи инстанциядагы соттук отурум 2-февралда Бишкек шаардык сотунда болмок. Бирок айыпталуучу Таалайбек Сыдыков соттук процесске келе албагандыгына байланыштуу сот отуруму 22-февралга жылдырылды. Ишти Бишкек шаардык сотунун судьясы Жаңыл Мамбеталы карап жатат. Азыркы тапта №1-СИЗОдо отурган Т.Сыдыков ачкачылыгын токтото элек. Бул тууралуу 3-февралда SUPER.KG порталына жактоочулардын бири Майрамбек Жумабеков маалымдады.

Эске салсак, 2015-жылдын 2-ноябрында Бишкектин Ленин райондук соту "зордуктоо", "уурулук" беренелери боюнча айыпталган Таалайбек Сыдыковду 14 жылга эркинен ажыраткан. Тергөөдө айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Соттун чечимин акыйкатсыз деп ал 8-январда оозун тигип, ачкачылык жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aselushka
2016-02-03 14:59:22
жылдырылды деген соз ото эле модага айланып кеттиго.
+5
bond
2016-02-03 15:01:54
Олуп калбасын оозу тигилуу болсо силердин сотунар болгуча.
+3
kobra86
2016-02-03 16:00:16
Т.Сыдыковко Аллахым сабыр берсин!
+2
Begim94
2016-02-03 16:07:53
Кр.соттору акча учун акты караны ак кылып койгондонда кайрат тартпайт.Акыйкат жок
+3
behappy74
2016-02-03 17:04:34
8-январдан бери оозу тигилген болсо эмне кунду коруп жатат.Эртерээк ишин карап ар же бери кылбасанар кете берип журбосун тездеткиле.
0
kyzburak87
2016-02-04 09:16:20
Оозун тиксе озунун шору го , биздин Соттор азыр ушинтип узартып журо беришет анан олгондон кийин акташы мумкун ак болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан