Кара-Көл, Майлуу-Суу шаарларынын жана Ноокат районунун салык кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан 3-февралда билдиришти.
Аталган мекеменин Жалал-Абад шаарындагы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында Кара-Көл шаарынын салык кызматкерлери патенттерди мыйзамсыз узартып, төлөмдөрдү коюлган баасынан төмөн кылып төлөөгө жол беришкен. Мындай жеңилдиктерди берүүдөн улам мамлекетке 247 миң сомго зыян келтирилген.
Ушундай эле мыйзамсыз иштер Майлуу-Суу шаарында да катталган. Ал жерде мамлекетке 143 миң сом, Ноокат районунда 115 миң сом зыян келтирилген. Фактылар боюнча кылмыш иши козголду.