Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз түрдө маңзаттарды сактаган жарандар кармалышты. Бул тууралуу 3-февраль күнү мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек-Каракол жолунда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун тургундары 1973-жылы туулган С.А. жана 1982-жылы туулган О.Л. баңгизаттарды таратууга жана даярдоого шектүү катары кармалышкан. Аларды текшерүү маалында С.А. аттуу жарандын оң колундагы баштыктан ширеңке кутусунун өлчөмүндөй 137 бөлүккө бөлүнгөн, кара куурайга окшош жашыл түстөгү зат табылган. Экспертизада ал жалпы суммасы 411 миң сом болгон 1 килограмм 385 грамм салмактагы гашиш экени аныкталды.
Азыркы учурда кылмышка шектүүлөрдүн башка кылмышка катыштыгы бар же жок экени аныкталып жатат. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.