Баткен облусуна караштуу Кайыңды айылында эки жаран мергенчиликке чыгып, бири экинчисин башка атып алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар кабарлашты.
3-февралда аталган айылдын эки тургуну мергенчилик кылуу үчүн тоого чыгышкан. Алгач биринчи жаран кекилик атып, бирок ага ок тийбей, качып кеткен. Экинчисинде ал таштын артындагы коёнду атам деп шеригинин башына атып алган. Оор жаракат алган шериги окуя болгон жерден каза тапкан. Маалыматка караганда, шеригин атып алган жаран милицияга өзү келген. Каза тапкан жаран боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган.
ИИМден факт боюнча азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатканын билдиришти. Ал эми Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы учурда толук маалымат бере албастыгын айтып, кийинчерээк байланышууну өтүндү.