"Таксистке кол салып, аны тоноп кеткен" деген шек менен борбор калаанын 22 жаштагы тургуну Т.Тынарбек кармалды. Муну бүгүн, 4-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-январдан 10-январга караган түнү саат 01:30да Жибек-Жолу жана Ростов көчөлөрүнүн кесилишинде 30 жаштагы Мирлан аттуу жаранга кол салуу болгон. Ал милицияга 20-25 жаштардагы азиат улутундагы белгисиз эки адам күч колдонуу менен "Самсунг", "Нокиа" үлгүсүндөгү эки телефонун жана 600 сом акча каражатын тартып алганын айткан. Ошондой эле кылмышкерлердин бири ага газ баллонун колдонуп, экинчиси муунтууга аракет кылганын кошумчалаган.
Бул иш боюнча Биринчи Май РИИБи тарабынан тоноочулук фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.