Баткенде айылдашын адашып атып алган кишиге "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 2-февраль күнү саат 09:00 чамасында Баткен районунун Кайыңды айылында орун алган. Анда 29 жаштагы М.Самудинов айылдагы мал кайтаруу кезеги келип, Кара-Сай жайлоосуна малды айдап чыккан. Ал жанындагы ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу куралы менен карга-куштарга аңчылык кылып жүрүп, Кара-Сай жайлоосунан чоң таштын үстүндө кара кушка окшогон канаттууну көрүп, ага карата ок чыгарган. Жанына барып 25 жаштагы А.Даткаев аттуу айылдашы башына ок тийип жерде жатканын көрөт.
"Коркуп кеткен М.Самудинов үйүнө кетип калган. Окуяны туугандарына айтып берип, андан кийин туугандары аймактык милицияга билдиришкен. Окуя болгон жерде териштирүү иштери жүрдү. Аталган факт боюнча материалдар Баткен РИИБине кечээ өткөрүлүп берилди. Ыкчам тергөө тобу тарабынан иликтөө иштери улантылууда",- деп айтылат маалыматта.