Жумгалда болгон бейбаштык фактысына шектүү жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу 4-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1-февралда Жумгал райондук милициясында бейбаштык боюнча кылмыш иши катталган. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөсү, Нарын облусунун тургуну К.Ж. борбор калаада кармалып, тергөөгө өткөрүлүп берилди.
Мындан сырткары Кочкор райондук милициясында 25-январда мал уурдоо боюнча кылмыш иши катталган. Аталган райондук милициянын из кубарлары тарабынан жоголгон мал Чалай жайытынан табылып, ээсине өткөрүлдү.