Борбор калаада тоноочулукка шектелген эки жаран кармалды

Борбор калаада тоноочулук фактысына шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 25 жаштагы Б.Нурлан кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар "Айчүрөк" соода борборунун жанынан күч колдонуу менен 15 миң сом акчасын алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Б.Эльшат кармалган.

Ушундай эле милицияга арыз менен 49 жаштагы шаардын тургуну кайрылган, анда ал белгисиз жарандар күч колдонуу менен анын баласынын уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 18 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан