Кара-Балтада 54 жаштагы жаран оюн учурунда өзүн атып алды

Кара-Балта шаарында 54 жаштагы жаран кокусунан өзүн өзү атып алганын 4-февралда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бир нече күн мурун аймактык бейтапканага 54 жаштагы адамды оор жаракаты менен алып келишкен. Көрсөтүлгөн жардамга карабай бейтап өзүнө келбей жатып жан берген.

Тергөө иштеринин алкагында маркум кокусунан өзүн атып алганы аныкталган. Кырсык болгон түнү маркум үйүнө досторун чакырып, спирт ичимдиктери ичилгенден кийин ок атуучу куралын чыгарып, орус рулеткасын ойноону сунуштаган. Оюн учурунда курал менен атканда ок чыкпай калган. Андан кийин өзүнүн башына атканда ок чыгып, ал каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Azura
2016-02-04 14:23:43
мдаааа,озун атып алды,пдпшып атып алды. атуучу куралдар ар кимде эле бар окшойт,бироого каттуу суйлогондон да коркчу заман болду го,жакпай калса,мало ли атып салат(((
+7
Inna_91
2016-02-04 20:02:49
Шайтан октоп койгонда
+1
gulkar
2016-02-04 20:25:29
Оз ажалы-озундо экен да
+1
AiBoru
2016-02-04 23:04:07
Ай ким билет, ким билет...
Озун озу атып салдыбыыы же...
+2
KursKG
2016-02-05 02:33:11
Дагыле ичкиликтин кесепети, жайы жаннаты болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан