Күч органдары тарабынан "спирт ичимдигин ичип отуруп кыргыз жаранын өлтүрүп алды" деген шек менен селсаяк кармалды. Муну бүгүн, 4-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кечээ полицияга 40 жаштагы кыргыз жаранынын жансыз денеси табылгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Кырсык Москва шаарынын чет жагында курулуп жаткан базардын жанында болгону аныкталган. Эксперттердин айтымында, маркум баш сөөгүнөн жаракат алгандан улам каза болгон. Кылмышка шектелип 25 жаштагы селсаяк колго түшкөн. Ага карата "атайылап бирөөнүн ден соолугуна зыян келтирүү" беренеси менен иш козголгон.