Казань шаарынын Новокосино райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны Жахон Кудайбердиев сойкуну өлтүргөндүгү үчүн 9 жылга кесилди. Муну 4-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу Кудайбердиев өз күнөөсүн мойнуна алган. Ал бул кылмышы үчүн 11 жылга эркинен ажыратылмак. Тергөөнүн жүрүшүндөгү маалыматтарга караганда, 2015-жылдын 13-октябрында Жахон Кудайбердиев 25 жаштагы сойку менен таанышып, үйүнө чакырган. Мас абалында аны муунтуп өлтүрүп салган. Кыздын жансыз денеси эки суткадан ашуун ошол үйдө тургандан кийин аны шейшепке ороп, башына баштык жана полиэтилен пакетин кийгизип, жабышчаак лента менен ороп терезеден ыргытып салган.