Бишкекте 43 жаштагы аял 1 килограммдан ашуун гашиш менен кармалды. Муну 4-февралда Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 3-февраль күнү аталган мекеменин кызматкерлери тарабынан ыкчам
иш-аракеттер жүргүзүлүп, натыйжада 1973-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну А.Б. кармалган. Анын өздүк буюмдарын текшерүүдө салмагы 1 килограмм 365 грамм, 100 даана полиэтилен баштыкчасындагы гашиш табылган.