Ош шаарында жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 4-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 28-январь күнү Ош шаарындагы жеке үйлөрдүн биринде болгон. Анда Оштогу туугандарынын үйүнө келген Ноокен районунун 17 жаштагы тургуну бир жигит менен таанышып калган. Кийинчерээк жигит жабырлануучуну жолугушууга чакырып, зордуктап койгон.
Бул факт боюнча "зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 26 жаштагы тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.