Бишкек-Ош унаа жолунда күйүүчү май ташыган унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 38 тонна май күйүп кетти

Бишкек-Ош унаа жолунун 500-чакырымында жол кырсыгы катталып, жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айылында болгон. Анда Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаа менен DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа кагылышып кеткен. Натыйжада DAF үлгүсүндөгү унаа 38 тонна күйүүчү майы менен күйүп кеткен. Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана 3 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алып, Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gitaris93
2016-02-06 14:10:56
Кудай сакта эми 38 тонна күйүүчү майды Экөөнө төлөтсо керек өздөрү аман болушса байлык табылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан