Жол эрежесин бузуп, бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөткөн айдоочу камакка алынды. Бул тууралуу 5-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 4-февралда Бишкек-Ош унаа жолунда эреже бузуп, саатына 128 чакырым ылдамдыкта бараткан айдоочуну Жалал-Абад облустук жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери токтотуу үчүн белги беришкенде, ал токтобой өтүп кеткен. МАИчилер Үч-Терек айылындагы кызматкерлерге телефон аркылуу жол эрежелерин бузган айдоочу тууралуу кабар беришкен.
Айдоочу экинчи жолу да токтобогондо кызматкерлер автоунааны артынан кууп барып токтотушкан. Айдоочу К.У. унаасынан түшүп келип, бир кызматкерди бетке уруп, погондорун жулуп алган. Натыйжада бир кызматкер денесинен жаракат алып аймактык ооруканага түшкөн. Кармалган жаран - Бишкек шаарынын жашоочусу К.У. Токтогул РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө амалдары башталды.