Токмок шаарында жана Аксы районунда мал уурдагандар кармалышты

Токмок шаарында 7 кой уурдаган жана Аксы районунда эчки уурдаган жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-январь күнү Токмок шаарынын жогору жагындагы айылдардын биринин сарайынан белгисиз жарандар 7 баш койду уурдап кетишкен. Чүй райондук милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары кошуна айылдын тургундары кармалышты. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.
Ушундай эле факт Аксы районунда да катталган. Анда 3-февраль күнү аймактык милицияга У.Т. аттуу жаран кайрылган. Анда ал сарайынан эчкисин уурдап кетишкенин билдирген. Аталган райондун милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары айылдашы Шамшиев У.А. кармалган.
Учурда бул фактылар боюна иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_2
2016-02-05 14:59:30
Ууруларга катуу чара колдонуш керек. Бирөөнүн ак мээнетин жегендер , аш болбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан