Ысык-Ата районунда унааны айдап качкан эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-январда Ысык-Ата райондук милициясында "автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу" боюнча кылмыш иши катталган. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери жүргүзгөн иш-аракеттердин натыйжасында Н.Р. жана С.Е. аттуу өспүрүмдөр кармалган.
Өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында сүйлөшүүлөрдөн кийин алар ата-энелерине кайтарылып берилген. Учурда кармалган балдардын мурда ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги аныкталууда.