Чүй облусунда атуучу куралды жана баңгизатты мыйзамсыз сактагандар кармалышты. Бул тууралуу 5-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Петропавловка айылынын жашоочусунан белгисиз үлгүдөгү 16-калибрдеги ок атуучу курал алынган.
Мындан сырткары Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Ата райондук милиция кызматкерлери менен бирдикте жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Кант шаарына жакынкы айылдардын биринин А.А. аттуу жашоочусу үйүнүн жанынан 480 грамм кара куурай менен кармалган.