4-февралда Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан Караколдо "баңгизаттарды мыйзамсыз ташууга катыштыгы бар" деп үч адам кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган шаардагы "Ысык-Ата" мейманканасынын жанынан 1977-жылы туулган А.А., 1986-жылы туулган Д.У., 1980-жылы туулган К.Р. колго түшүрүлгөн. Аларды текшерүү учурунда 1 килограмм 450 грамм гашиш табылган.