Чүйдө жеңил унаанын багажынан документи жок атуучу курал табылып, айдоочу жана жүргүнчүлөр камакка алынышты

Чүйдө жеңил унаанын багажынан документи жок атуучу курал табылып, айдоочу жана жүргүнчүлөр камакка алынышты. Бул тууралуу 5-февралда Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-февралда мекеменин кызматкерлери Чүй облусунун аймагында жүргүзгөн
иш-аракеттердин жүрүшүндө Субару Легаси үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын багажынан 108 огу менен 7,62 калибрлүү карабин табылган. Атуучу куралдын документи болгон эмес. Бул боюнча унаанын айдоочусу 1991-жылы туулган М.А., жүргүнчүлөр 1964-жылы туулган М.А., жана 1974-жылы туулган Д.Н. кармалган. Азыркы тапта иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur-Aman
2016-02-05 14:18:50
жургунчулорго эмне куноо болду экен? уна кимдики болсон ошол жооб беретго?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан