Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, Ысык-Ата районунда сыйынуу үйүнүн чатыры күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.

Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында өрт кырсыгы катталды. Анда сыйынуу үйүнүн шифер менен жабылган 36 чарчы метр чатыры толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан