Борбор калаадагы сауналардын биринен 6 сойку жана кош бойлуу администратор кармалды

Борбор калаадагы сауналардын биринен 6 сойку жана кош бойлуу администратор кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда SUPER.KG порталына Адамдарды соодалоо жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Адилет Илипбеков билдирди.

"Биздин башкармалыкка "борбордогу сауналардын биринде бир нече кыз сойкулук менен алектенип жатат" деген маалымат түшкөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында биздин кызматкер ал саунага кардар катары барган. Тиешелүү акчалар төлөнүп, "кардар" интимдик кызмат көрсөткөн кыз менен сүйлөшкөн соң, саунага биздин башкармалыктын кызматкерлери кирип барышкан. Иликтөө иштеринин алкагында саунаны жаш жигит ижарага алып иштеткени аныкталган. Ал эми кыздарды соодалап, кардарларга сатуу менен 31 жаштагы кош бойлуу администратор алектенери белгилүү болду. Ошондой эле интимдик кызматтарды көрсөткөн 6 кыз кармалган",- деди А.Илипбеков.

Учурда бул факт боюнча "сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
AiBoru
2016-02-05 18:34:46
Арам тамак аш болбойт деген.
+1
kama_future_millioner
2016-02-05 18:50:37
Кудай озу ыйман берсин
+1
Mahmud91
2016-02-05 18:54:15
Менимче менттер менен келишпей калышкан долясын берген саунанын баары эле иштеп жатат
+4
nazgul90
2016-02-05 18:56:05
Ужас уят еле азыркы заман да кыз келин дерде уят дале калбады.
+2
BekAmir
2016-02-05 19:23:19
Эээ буларды Памирлик Кыргыздарга алып барып бериш керек катындыка. Байкуштар катыны жок картайып кетишиптир
+15
korul.alai001
2016-02-06 00:49:45
BekAmir, хахаха таппасан сыйпалап кал, эн туура сунуш
-3
Maripa
2016-02-05 20:55:18
6 сойкуну кармашканга даремети жетиптирби? Катуу иштешип жаткан го. Же не 6 сойку акча толобой коюшуптурбу?
0
Nendi15
2016-02-05 22:45:17
кармаганда не пайда камалбаса
0
aruusha13
2016-02-05 23:13:45
арам арам арам кантип корунгон эркек менен жаткан кызга эркектер жиркенбей барышат...
-2
jonl86
2016-02-06 02:18:23
22си кармалганда эчнерсе болгон жок
+1
jymabay1982ru
2016-02-06 14:52:02
Государство толоп берет деген кызды жарыкка чыгарып соттогондон коро ушуларды сот алдыда коройлу штраф тологонун мыйзам алдыда жооп беришсин ар бирини суракка алып жузун корсотуп видеого чыгарсын
0
tabyshmak
2016-02-06 17:02:23
Сойкуга конулу тартып, аларды пайдаланууга баргандарга жол болсун...
+2
aizbek
2016-02-06 17:51:58
кардар коп болуп кетип,админстратору да кардарды тейлеген окшойт да
0
aizbek
2016-02-06 17:54:26
сойкуларга жазаны кучотуш к.к,антпесе жок болбойт
0
Moskva.kg
2016-02-06 23:53:08
Сойкуларга ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2016-02-08 14:54:42
Moskva.kg - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
Nazgul83
2016-02-07 22:16:42
Башка иштери жоок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан