4-февралда Ош аэропортунун көзөмөл-өткөрүү бекетинен башка адамдын документи менен өтүүгө аракет кылган Грузиянын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган жаран 1973-жылы туулган И.С. кыргыз жаранына таандык жалпы жарандык паспортун жана чет элдик паспортун көрсөтүп, Ош-Стамбул авиакаттамы менен Түркияга учуп кетүүгө аракеттенген. Тийиштүү документтер чогултулгандан кийин кармалган кыз милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.