Талас районунун эки тургуну Сирияда жүрүшөт, алардын бири аялын жана 3 баласын ала кеткен

Талас районунун эки тургуну Сирияга кеткен, алардын бири аялын жана 3 баласын да ала кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун 30 жаштагы А.А. жана 24 жаштагы Ж.А. аттуу эки тургуну учурда Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөнү аныкталган. Андан сырткары алар согуштук аракеттерге катышууга кыргыз жеринин жарандарын үндөп жатышканы белгилүү болгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 30 жаштагы А.А. 2015-жылы өзүнүн аялын жана 3 баласын Сирияга алып кеткени маалым болду. Учурда бул адамдарга издөө жарыяланып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
KursKG
2016-02-05 18:58:47
Алар кантип, ким аркылуу кетип калышат?
+5
Rifle_2
2016-02-05 20:14:07
KursKG,Аялы, балдары эмне болуп жатат деген да суроо туулат.
+2
Arslan12
2016-02-06 02:14:50
Rifle_2,балдарына эле жалко эч нерсени корбой жатып эле,бешиктен бели чыкпай жатып, ата-энесинин тушунугу жоктугунан улам курман болушат да бечаралар
+4
Nendi15
2016-02-05 19:23:00
Сириядан базары качып жатса буларга не бар экен???
+5
KursKG
2016-02-05 19:29:50
Алар да адашып, алданып барып калыштыда, келгенге мамлекет жардам кылбаса, алар кантип кайтып келишет? Боевиктерди Россия бомбит этип жатат ко.
0
Rifle_2
2016-02-05 20:14:50
KursKG,Кайра алып келген менен алар зомби болуп калган. Кайра өзүнө кошуп алып кетип калышат.
+2
chyngyz-KG
2016-02-06 00:14:02
KursKG,Кантип кетсе ошентип келе албайт ал жактан.Дорога в одну сторону.
+3
Joze
2016-02-05 19:35:18
Алданышпайт алар,акылдын кемдигинен кетишет
+1
Rifle_2
2016-02-05 20:12:39
Joze,Акылы кемдер алданышат. Акылдуулар алданбайт.
+1
loyal
2016-02-05 19:42:01
Кучтуу психологдор жихад ка угутто иштерин кылды да
+2
Joze
2016-02-07 03:55:22
loyal,джихаддын маанисин билбей кеткендерда,окуш керек биронун озунан укпастан
0
Begim94
2016-02-05 19:51:22
Оа алар аратр кучтуу психологдор элдерди угуттоп алсыз акылы аз билими жокторду алып кетип жатышат.Биринчи эле ото финансы жактан кыйналгандарды жана диндин ашкере фанаттарын алып кетишет.Суроо туулатда буларды акча м.н ким камсыздап алып кетип жатышат?
+2
Rifle_2
2016-02-05 20:13:43
Begim94,ИГИЛдин бир күндүк кирешесин эсептеп жатышат го башка интернет булактарында. Нефттин акчаларын орто менен эсептешип.
+1
make2
2016-02-05 20:52:10
А.А кетиптир десе эле ишене бересиңерби? такталбаган маалымат.
-1
Inna_91
2016-02-06 07:51:02
Кыргызстанда торолгонумо шугур кылам
+2
Sumaya.15
2016-02-07 22:04:42
Inna_91, туура айтасын
0
Sumaya.15
2016-02-07 22:03:36
Ар бир пендеге ыйман берсин
0
admin_portal
2016-02-08 16:08:37
tursunai98, темадан алыс, түшүнүксүз билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан