Кечээ, 5-февралда кыргыз-тажик чек арасында Лейлектеги “Кулунду” чек ара тозотунун кызматкерлери чек араны бузган Тажикстандын 3 жаранын: атасын жана эки баласын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Алар кыргыз-тажик чек арасынан Кыргыз Республикасынын аймагына өтүп, чек арадан 800 метр алыстыкта жайгашкан кыргыз жаранынын короосундагы бак-дарактарды кыйып башташканда кыргыз чек арачылары тарабынан кармалышкан. Кыргыз Республикасынын Административдик кодексине ылайык, тажик жарандарына акчалай айып пул салынган. Тиешелүү документтер толтурулуп, алар аймактык ички иштер кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.