Аламүдүн районуна караштуу Баш-Кара-Суу айылынан бычакталган адамдын жансыз денеси табылды

4-февралда Аламүдүн районуна караштуу Баш-Кара-Суу айылынан болжол менен саат 20:50дө белгисиз жарандын бычакталган жансыз денеси табылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Төшүнүн сол тарабына эки, башынын кара куш тарабына алты жолу бычак сайылып жаракат алган адамдын жансыз денесин жергиликтүү тургундар таап, милицияга кабарлашкан. Кылмыштын изи сууй электе жергиликтүү милиция тарабынан ошол эле айылдын тургуну А.Ж. кармалып, маркум кошуна көчөнүн тургуну А.А. экендиги аныкталган.

Бул факт Аламүдүн ички иштер бөлүмүндө катталып, кылмышка шектүү адам убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө амалдары башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
muras111211
2016-02-06 16:21:06
Ии байкуш.жайы жаннаттан болсун.бул да бироонун баласы же омурлук жары же суйуктуу атасыдыр.эмне себеп болду экен.
+4
Sezim.A
2016-02-06 20:04:21
Жайы жаннатан болсун,эмне себеп болду экен аны анчалык мыкаачылык менен ,тообо кылдым.
+1
Kadyrbek09.10.2015
2016-02-07 00:10:50
Кудай сакта атың өчкүр арактын айынан болсо керек
+2
Donni92
2016-02-07 09:47:16
Тооба кылдым адам өлтүрүш көнүмүш адатка айланып калды.
0
Inna_91
2016-02-08 16:42:03
Бычак менен баш мээсине сайгандан коркподуву
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан