Кыргыз мамлекетинен Казакстанга баңгизат өткөрүүгө аракеттенген жаран кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 8-февралда кабарлагандай, кылмышка шектүү жаран Талас облусунда чек ара аймагынан колго түштү. Анын жанынан 1 килограмм 400 грамм марихуана чыккан. Баңгизатты Казакстандан келчү шериги алып кетмек болгон. Шектүү жарандын жанында өздүгүн аныктоочу документтери да болгон эмес.
Учурда ал Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын аймактык башкармалыгынын кармагында. Териштирүү иштери жүрүүдө.