Борбордогу үйлөрдүн биринен үй ээсинин күйгөн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбордогу Огородная көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 77 жаштагы К.Александр аттуу үй ээсинин күйгөн жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге тиешелүү кызматкерлер чакырылып, иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби аныкталууда.