Беловодск айылында каракчылыкка шектелгендердин бири кармалды

Чүй облусунун Беловодск айылында каракчылыкка шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Москва РИИБи жеке компанияга болгон кол салуу фактысы боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн. Анда 27-ноябрь күнү саат 21:00 чамасында Беловодск айылындагы алкоголдук ичимдиктерди чыгарган жеке компаниялардын бирине бет капчан жарандар кирип күзөтчүнү сабап, андан кийин эсепчинин бөлмөсүнө кирип аны да токмоктоп, 1,5 миллион сом акчасын алып кетишкен. Андан соң эшиктен эсепчинин БМВ үлгүсүндөгү унаасын айдап кетишкен.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында унаа кийин Сокулук районунан табылган. Бул факт боюнча "каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган Ш.Т. аттуу Нарын облусунун тургуну кармалган. Анын башка кылмышка да шектүү катары издөөдө жүргөнү аныкталган. Ал ошол эле компаниянын сейфинен 2014-жылы 580 миң сомун алып кеткени белгилүү болгон. Учурда акчалар табыла элек, ал эми анын шеригин издөө иштери улантылууда. Бул фактылар боюнча иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан