Борбор калаада бейбаштыкка шектелип мурда соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу 8-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына М.Азиз аттуу жаран кайрылган. Ал "Дордой" базарындагы контейнерлердин биринде белгисиз жаран уруша кетип сабап салганын айткан. Факт боюнча Свердлов РИИБи тарабынан "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү деп 30 жаштагы К.Максат кармалды. Анын буга чейин уурулук үчүн соттолгону жана уюшкан кылмыштуу топко мүчө экендиги аныкталды.