Талас. Автобекеттен 1 жигитти себепсиз сабап кеткен 4 шектүү суракта
11-ноябрда Талас шаарынын тургуну Нусупбеков Нурланды саат 4:00дөр чамасында
автобекеттен азиат улутундагы, жашы 20-25 курактагы бейтааныш 4 бала себепсиз
сабап салышкан.
Ал эми 10-ноябрда саат 23:00дөр чамасында Кызыл-Адыр айылынын “Жыргал”
ресторанынан сыртка чыккан убакта
Султанкулов Рустам Майрамбековичти азиат улутундагы, 18-20 жаштагы эки
бала колун кайрып коркутуп С2-05 телефонун, жаңы симкасын жана эки жүз сом
акчасын тартып алышкан.
Учурда себепсиз сабашкандар тергөөдө сурак беришүүдө.