Борбор калаада уурулукка шектелип шаардын 3 тургуну кармалды

Борбор калаада уурулукка шектелип шаардын 3 тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 52 жаштагы М.Жумагүл кайрылган. Анда ал Исанов жана Чуйков көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндөрдүн бирине белгисиз адамдар кирип 15 миң сом акчасын алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 21 жаштагы У.Эрнис, Ж.Атагелди жана 20 жаштагы О.Нурболот кармалган. Учурда алардын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги аныкталып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан