Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 4, Баткен облусунда 1, Талас облусунда 2, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.
Алай районуна караштуу Гүлчө айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анда короодо жыйылган 100 түк чөп толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин 7 жаштагы небересинин от менен ойногону себеп болгон.