2015-жылдын 12 айында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу 1489 кылмыш аныкталган. Көрсөткүч 2014-жылы 1586 болгон. Бул тууралуу 8-февралдагы маалымат жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка караганда, мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпысынан 23 тонна 306 килограмм 670 грамм маңзат алынган. Бул 2014-жылга салыштырмалуу дээрлик 10 тоннага көп.
Алынган баңгизаттардын түрлөрү боюнча: героин - 94 килограмм, апийим - 25 килограмм, гашиш - 165 килограмм, көкнар - 40 килограмм, марихуана - 1 тонна 875 килограмм, апийим кызгалдагы - 5,6 килограмм, кара куурай - 8,6 тонна, прекурсорлор - 12,4 тонна, дары-дармектер - 281 грамм, башка түрдөгү баңги каражаттары - 44 килограмм.
Отчёттук мезгилде бүткүл ички иштер органдары тарабынан баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынышы 9 тонна 850 килограмм 545 граммга көбөйгөн.