ЭЛДИК КАБАР: Ош-Өзгөн жолунда жеңил унаа күйүп кетти

Бүгүн, 8-февралда Ош-Өзгөн унаа жолунда (Куршаб айылына жакын жерде) Ауди-80 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. "Кырсык саат 13:00 чамасында орун алды. Өрт техникалык себептерден улам келип чыккан. Жабыркагандар болгон жок”,- деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Inna_91
2016-02-08 14:16:32
Муну техника деп коюшат
0
Uluk_Kalyev
2016-02-08 14:57:19
Эски техника болсо керекта
+1
Uluk_Kalyev
2016-02-09 13:54:09
Бул машина Ак-жар айыл окмотунун башчысы болчум
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан