Лейлек районунда 9 уурулук фактысына шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Исфана шаарында жайгашкан дүкөн, кафелердин эшик-терезелерин талкалап кирип азык-түлүк жана ар түрдүү буюмдарды уурдоо фактылары катталган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Ш.Ш. жана 19 жаштагы К.А. аттуу жергиликтүү эки тургун кармалган. Келтирилген чыгымдардын жалпы суммасы 70 миң сомду түзгөн. Бул факт боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.