Жөө жүрүүчүнү сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон МАИ кызматкеринин иши тергөө үчүн Аламүдүн райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Муну 11-февралда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Айта кетсек, окуя 7-февраль күнү Лебединовка айылынын Жеңиш көчөсүндө болгон. Анда Лексус 470 үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бараткан 34 жаштагы Ж.Улан аттуу МАИ кызматкери жөө жүрүүчүнү сүзгөн. Катуу соккудан 41 жаштагы Нарын облусунун тургунунун бир буту үзүлүп кеткен. Ал жаракатынан улам окуя болгон жерден көз жумган.
Унаа айып пул төлөөчү жайга жеткирилип, айдоочу МАИ кызматкери болгондуктан, тергөө райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлө турган болду.