Свердлов райондук соту МАИчини унаасынын капотунда сүйрөп кеткен Адилет Максүтовдун баш коргоо чарасына байланыштуу маселени карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.
Маалыматка ылайык, МАИчини унаасынын капотунда сүйрөп кеткен 22 жаштагы Адилет Максүтов 1-февраль күнү 10 суткага СИЗОго камакка алынган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин "кылмыш далалаты" жана "укук коргоо органынын кызматкеринин же аскер кызматкеринин өмүрүнө кол салуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
"Азырынча Адилет Максүтов үй камагында. Ал эми анын жазасы боюнча өкүмдү сот чыгара элек",- деди О.Казабаев.
Айта кетсек, 28-январь күнү интернетке айдоочу унаасынын капотунда Жол-кайгуул кызматынын кызматкерин сүйрөп жүргөнү тартылган видео тараган. Анда айнектери караңгылатылган унаанын айдоочусу капотундагы МАИ кызматкерине карабай ылдамдыгын бирде жогорулатып, кайра жайдан айдаганы көрсөтүлгөн.