Тоң районунда "милиция кызматкерлери үндүк уурдаган жаранды кычкач менен кыйнашкан" деген маалымат боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө

Тоң районунда "милиция кызматкерлери үндүк уурдаган жаранды кычкач менен кыйнашкан" деген маалымат боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

"Маалымат массалык маалымат каражаттарына чыккан соң, аймактык Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин тапшырмасы менен кызматтык иликтөө дайындалган. Учурда бул факт боюнча Ички коопсуздук кызматы тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө. Ал аяктагандан кийин толук маалымат берилет", - деди С.Усубакунов.

Анын айтымында, бул факт боюнча эч бир тиешелүү органга жабырлануучу тарабынан арыз түшкөн эмес.

Айта кетсек, 2015-жылдын 30-декабрь күнү Тоң районунун Урмат Кубанычбеков аттуу тургунунун үйүнө милиция кызматкерлери келишип, аны ээн талаага алып кетишкен. Алар аны үндүк уурдаганын мойнуна алдыруу үчүн кычкач менен кыйнаганы тууралуу маалымат тараган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан