Келечек жаңы конушунун тургуну аялынын көкүрөк тушуна бычак сайып салганын SUPER.KG порталына 11-февралда "Тез жардам" кызматынын оперативдүү бөлүмүнүн башкы дарыгеринин орун басары Болот Абдылдаев билдирди.
Маалыматка караганда, жаракат алган аял ооруканага жеткирилди. Азыркы тапта анын абалы оор бойдон калууда. Ал эми Аламүдүн-1 кичи районунда күйөөсү аялын сабап салган. Анын баш мээси чайкалып, үч кабыргасы, мурду сынган. Ал да оор абалда ооруканага жеткирилген.
Белгилүү болгондой, өткөн суткада Бишкек "Тез жардам" станциясына 424 чакыруу түшкөн. Анын ичинен 346сы аткарылып, 78 адам Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна өткөрүлүп берилип, 91 адам ооруканага жаткырылды.