Жумгал районунда айылдашын бычактаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-февраль күнү милицияга Чаек айылында белгисиз жарандар 1986-жылы туулган жаранды бычактап кетишкенин билдиришкен. Факт боюнча "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүү менен жабырлануучу экөөнүн ортосунда уруш чыгып, андан соң ал аны бычак менен сайып салган. Учурда кармалган жаран 2 айга камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.